УКМК Threads социалдык тармагында мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга чакырган материалдарды жарыялап, тараткан деп шектелген 1982-жылы туулган Т.Д. аттуу жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. УКМКнын маалыматына караганда, шектүү мыйзамга каршы жарыяларды таратууга тиешеси бар экенин моюнуна алды.
Учурда жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.