Биз социалдык тармакта

Бишкек мэринин жыйынында жаңы эки жетекчи дайындалды

Кечээ, 20-августта Бишкек мэриясы быйылкынын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурум өткөрдү.
Калаа бийлиги кабарлагандай, жыйынга шаар башчысы Айбек Жунушалиев төрагалык кылган. Ал борбор калаада отун-энергетика комплексиндеги иштин натыйжалуулугун жогорулатуу маанилүү экенин белгилеген. Ушуга байланыштуу кадрдык чечимдер кабыл алынган.
Натыйжада, "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасынын директору болуп Нургазы Курманбеков дайындалган. Ал эми Бишкек шаарынын мэринин отун-энергетика комплекси боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу кызмат ордуна Насипбек Керимов бекиген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан