Биз социалдык тармакта

Бишкекте оңдоодон өткөн бир катар көчөлөр ачылды

Бишкек шаарында бир катар көчөлөрдү жана жол тилкелерин оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Унаа кыймылы үчүн ачылган көчөлөр:
  • Краснодарская көчөсүнүн Барпы Алыкулов көчөсүнөн Тираспольская көчөсүнө чейинки бөлүгү. Анын узундугу 510 метр.
  • Шабдан Баатыр көчөсүнө туташкан Лущихин көчөсүнүн 600 метрлик бөлүгү.
  • Өмүр көчөсүнөн Эгиналиев көчөсүнө чейинки, узундугу 600 метр болгон Ак-Шоокум көчөсү.
  • Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки Семетей көчөсү. Анын узундугу 1 200 метр.
  • Аалы Токомбаев көчөсүнүн Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн 12-кичи райондогу "Айша" мечитине чейинки бөлүгү. Узундугу 3 200 метр.
  • 5-кичи райондогу Миррахимов көчөсүндө узундугу 350 метр болгон жол.
  • Абай көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки, узундугу 600 метр болгон Скрябин көчөсү.
  • Жибек Жолу кеңи көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки Осмонкул көчөсүнүн узундугу 450 метр болгон бөлүгү.
Мэрия бардык көчөлөрдө жана жол тилкелеринде асфальт төшөө менен катар тротуарлар курулуп, аларга чектеш аймактар да иретке келтирилгенин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан