
Белгилүү Голливуд актёру, мушташ өнөрүнүн чебери жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону
Дон "Дракон" Уилсон VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн Кыргызстанга келет.
Маданият министрлги анын видео кайрылуусун жарыялады. Маалыматта Дон Уилсон өлкөнүн маданияты жана каада-салттары менен таанышууну, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчө атмосферасын сезүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилегени айтылат.