Курулуш министри Нурдан Орунтаев Манас шаарындагы үч ири объектинин курулуштарынын долбоордук сметалык наркы кайра каралып чыкканын айтты.
Мекеме маалымдагандай, 1 миллирад 100 миллион сом каражат үнөмдөлгөн.
"Жергиликтүү бийлик жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан салынып жаткан объекттер Курулуш министрлигине алынган. Алар спорт комплекс, "Акылман" лицейи жан облустук клиникалык оорукана болчу. Биз өткөрүп алып, анан текшерүүгө алганда бир нече туура эмес жерлери чыккан.
Мурунку документтеринде парталар 60 миң сомдон көрсөтүлгөн. Бирок парталар 10 миң сомдук болуп чыккан. Дагы башка нерселери бар. Кыргызча айтканда ал акчалар желмек", - деди курулуш министри Нурдан Орунтаев.