Мамлекеттик "Кылым банк" президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлык августтун аягында күчүнө кирет.
Эскерте кетсек, "Кылым банк" өткөн жылы түзүлүп, анын уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзгөн. 2027-жылга чейин капиталды 5 миллиард сомго жеткирүү пландалууда.