Манас шаарындагы коомдук тартипти бузган жарандар аныкталды. Бул тууралуу Манас ШИИБинин маалымат кызматы билдирди. Буга чейин социалдык тармактарда пикир келишпестиктин видеосу тараган.
Маалыматка ылайык, окуя жарандардын ортосундагы пикир келишпестиктен улам болгон. Окуяга тиешеси бар деп Д.Т., А.Д., Б.А. жана Ш.Б. аттуу төрт жаран аныкталып, тергөөгө камсыз болушту.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда. Текшерүүнүн жыйынтыгында катышуучулардын аракеттерине укуктук баа берилери маалыматта кошумчаданды.