Кыргызстандын бюджетине 2021-жылдан 2026-жылдын жети айына чейин 619,1 миллиард сом бажы төлөмү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ал белгилегендей, 1991–2020-жылдар аралыгында 30 жыл ичинде бажы төлөмдөрүнөн бюджетке 452,7 миллиард сом түшкөн. Башкача айтканда, акыркы 5,5 жылдагы бажы төлөмдөрү мурдагы 30 жылдагы көрсөткүчтөн 166,4 миллиард сомго көп болду.
"Кыргыз Республикасы 2015-жылы ЕАЭБге киргенден кийин Бажы кызматы 18 млрд сом өлчөмүндөгү бажы төлөмдөрүн администрациялоону токтоткон. Анткени Орусия, Казакстан, Армения жана Беларусиядан импорттолгон товарларды көзөмөлдөө жана тиешелүү төлөмдөрдү администрациялоо функциясы Салык кызматына өткөн", - деп кошумчалады билдирүүсүндө.