2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстанда иш менен камсыз кылуу кызматтарында 60,5 миң жумушсуз жаран каттоодо турган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 пайызга аз.
Эмгек министрлиги билдиргендей, алардын ичинен 37,8 миң адам расмий жумушсуз макамына ээ. Бул көрсөткүч да былтыркыга караганда 17 пайызга төмөндөгөн. Расмий жумушсуздуктун деңгээли өлкөдө экономикалык активдүү калктын 1,3 пайызын түзөт.
"Ал эми 2026-жылдын биринчи жарымында иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жардамы менен 7,1 миң адам жумушка орношкон. Дагы 13,1 миң жаран иш менен камсыз кылууга багытталган активдүү чараларга тартылган", - деп кошумчаланды маалыматта.