Бүгүн, 21-августта Казакстандын жер улак (көкпар) боюнча курама командасы башкы машыктыруучу Нурдаулет Момыновдун жетекчилиги алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга жөнөдү. Бул тууралуу казакстандык журналист Аслан Каженов социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
Казакстандын курамасы кыргызстандык команданын негизги атаандаштарынын бири болуп саналат.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Командалык ат оюндары боюнча мелдештер 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы жаңы ипподромдо башталат.