Биз социалдык тармакта

Суудагы "Формула-1" жарышы 2030-жылга чейин Кыргызстанда өтүшү мүмкүн (видео)

Суудагы "Формула-1" кайыктар жарышы 2030-жылга чейин Кыргызстанда өткөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу уюштуруучулар жарыштын жыйынтыгына арналган брифингде билдиришти.

Суу-мотор спорту федерациясынын директору Медербек Ирсалиевдин айтымында, Кыргызстан Эл аралык федерация менен 2030-жылга чейин мелдештерди өткөрүү боюнча келишим түзгөн. Өлкөдө F1H2O "Формула-1" жарышы гана эмес, суу-мотор спортунун жалпы 7 категориясы боюнча мелдештер өткөрүлүшү пландалууда.

Ысык-Көлдө өткөн жарыштан соң, эл аралык федерация уюштуруучуларга мелдешти өткөрүү боюнча бир нече эскертүү берген. "Ошондой эле эл аралык федерациянын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер даярдык иштерине 2 ай гана убакыт берилгенине карабастан, мелдеш жогорку деңгээлде өткөрүлгөнүн билдиришти", - деди Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов.

Эске салсак, 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө "Формула-1" кайыктар жарышы өткөн.

Суудагы "Формула-1" жарышы 2030-жылга чейин Кыргызстанда өткөрүлүшү мүмкүн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан