"Алыс өлкөлөргө саякаттап барып келүү, башка элдин маданияты менен таанышуу, албетте, ар бир жаш адамдын көңүлүндө жашаган тилектер. Бирок мындай бактыга ар бирибиз эле туш боло бербейбиз. Мен ошол саналуу бактылуулардын катарында экенмин. Аны бүгүн сырдуу дагы, сүрдүү дагы Инд океанынын жээгине барганда байкадым. Океан жылуу, бийик-бийик толкундар болуп жатканына карабай таза экен. Дегеле чыккың келбейт",- дейт "Супер сулуу - 2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева. Алыскы Цейлон аралындагы кыргызстандыктардын эс алуусу тууралуу дагы бир топ кызыктар менен жакынкы аралыкта бөлүшөбүз.
Эскерте кетсек, «Супер-Инфо» көп жылдан бери жемиштүү кызматташып келе жаткан ырчы Каныкейге, рэпер Добрга, чечендикте алдына киши салбаган алпаруучу Нурзат Токтосуновага жана «Тамашоу» долбоорунун түзүүчүсү, алпаруучу Эрмек Нурбаевге гезиттин атынан кыштын ызгаардуу суугунда экзотикалык ысык өлкөлөрдүн биринде эс алууга жолдомо берген. Жылдыздар учурда "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева менен чогуу Инд океанындагы Цейлон (азыркы Шри-Ланка) аралында эс алып жүрүшөт.