Бишкектин бюджетинин киреше бөлүгү беш жылда дээрлик 5,6 эсеге өстү. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, жарым жылдын жыйынтыгында бюджетке 22,6 миллиард сом түшүп, план 115,1 пайызга аткарылган. Натыйжада планда каралган көрсөткүчтөн 3 миллиард сомго көп каражат түшкөн. Салыктык кирешелер 14,4 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 5 миллиард сомго өскөн. Салыктык эмес кирешелер боюнча план 103,3 пайызга аткарылган.