Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө Борбор Азиянын жаштары үчүн “Климат–Жаштар–Тоолор” лагери өтүүдө

Ысык-Көл облусунун Чоң-Кызыл-Суу капчыгайында Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын жаштарынын катышуусунда «Климат–Жаштар–Тоолор» аттуу аймактык жайкы лагерь өтүп жатат.

Иш-чара Тянь-Шань эл аралык илимий борборунун базасында ЕККУ жана ФАОнун колдоосу менен уюштурулган. Анын негизги максаты — жаштардын климаттын өзгөрүшү жана тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсү боюнча билимин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу.

Лагердин расмий ачылышына Кыргызстандын тоо күн тартиги боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, КР УИАнын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун директору Рысбек Сатылканов, ошондой эле ЕККУ менен ФАОнун өкүлдөрү катышты.

Программанын алкагында катышуучулар Чоң-Кызыл-Суу бийик тоолуу станциясында метеорологиялык жана гидрологиялык байкоолорду жүргүзүп, мөңгүлөрдүн аймакты суу менен камсыздоодогу ролун изилдешет. Ошондой эле мөңгүгө экспедиция жасап, климаттык маалыматтарды чогултуп, айыл чарбасын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча практикалык сессияларга катышат.

Лагердин соңунда жаштар COP31 жана «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитин кошкондо, эл аралык климаттык жана тоо демилгелери үчүн биргелешкен сунуштамаларды даярдоону пландап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан