Ырчы Мирлан Баековдун “Туулган жер” аттуу ырынын клиби жарык көрдү

Ырчы Мирлан Баековдун “Туулган жер” аттуу ырынын клиби жарык көрдү. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 31-январда SUPER.KG порталына билдирди.

Ырчынын айтымында, сөзү Талас Кашкариевге, ал эми обону Эдил Маматовго таандык чыгарма өткөн жылдын соңку айларында жаралган. “Бул Мухтар Атаналиев тарткан “Мигрант” тасмасынын саундтреги. Ал киши мага сунуш киргизип, ушул чыгарманы аткарып калдым. Ноябрь айында тоого чыгып, айрым кадрларын тартканбыз”,- дейт ырчы.

Андан тышкары “Кызыл өрүк” атка конгон ырчы “Токтогул” деген эски чыгарманы жаңыча ырдап чыкты. “Жакында “Супер-Инфо” гезитинин жана SUPER.KG порталынын кызматкерлери менен Токтогулга болгон сапарда туулган жерге өзгөчө суктандым. Ошондон таасирленип, ушул ырды жаздырдым” деп кошумчалады. 

Туулган жер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
furkat80
2014-01-31 20:27:43
сонун клип болуптур молодец мирлан онорун оркундой берсин ийгилик сага.
+7
sanchos
2014-01-31 20:33:02
жакшы. Мен да Ыйык Кыргызстанымды сагындым. Ракмат.
+6
Mirlan5
2014-01-31 22:20:43
Негизи жакшы ырдайт бул жигит. Ийгилик Мирлан.
+2
aman94el
2014-01-31 23:51:13
Эн супер деген баа бериш керек уну да жакшы супер мен да КЫРГЫЗСТАНДЫ сагындым ух козго жаш келип,биздин олкобузго эч бир олко тен эмес го ,,,,,,,,,!
+3
piter93
2014-02-01 14:01:33
Клип.мигрант киносунан алынган.. Бирок жакшы ырдаптыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан