Биз социалдык тармакта

Ошто кышка чейин үйү бузулган 500 жаранга турак жай берилет

Ош шаарында үйү бузулган жарандар үчүн жаңы турак жайлар курулууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жаңы Эне-Сай конушундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда бул аймакта 50 турак жайдын курулушу жүрүп, 100гө жакын жумушчу эмгектенүүдө.

Мэр курулуш иштерин тездетүү үчүн жумушчу күчүн көбөйтүп, турак жайлардын санын арттырууну тапшырды.

Планга ылайык, сентябрдын аягына чейин 50 үй курулуп, жарандарга берилет. Ал эми жыл соңуна чейин жалпысынан 500гө жакын турак жайды бүткөрүү пландалууда.

Жаңы үйлөргө биринчи кезекте Ош көчөсүндөгү жана шаардын башка аймактарындагы үйлөрү буздурулган жарандар көчүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан