Бишкекте автоээнбаштык жасаган электр транспорт каражаттарынын айдоочуларына тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, алар 20-августта Манас кең көчөсүндө жол кыймылынын эрежелерин одоно бузушкан. Натыйжада, айдоочуларга протоколдор түзүлүп, электр транспорт каражаттары айып короого киргизилген.
Кайгуул кызматы электр транспорт каражаттарын башкаруу үчүн айдоочулук күбөлүк талап кылынарын кошумчалады.