Өлкөдө бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундары үчүн жаңы киргизилген ай сайынкы жөлөкпулду 29,6 миң бала алууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, жөлөк пул ай сайын 3 миң сомдон үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына төрөлгөндөн тартып 3 жашка толгонго чейин берилет.
Жалпысынан Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарынын тизмесине 430 айыл жана башка калктуу конуш киргизилген.