VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосуна өлкөнүн тургундарын жана конокторун акысыз жеткирүү үчүн 300 кичи автобус кызмат кылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жакка жеткирүү үчүн үч негизги багыт уюштурулмакчы. Алар:
- Бает айылы – Кырчын капчыгайы;
- Чолпон-Ата шаарынын ат майданы – Кырчын жайлоосу;
- Жаркынбаев айылы – Кырчын жайлоосу.