Биз социалдык тармакта

Таластагы окуя боюнча Курулуш министрлиги маалымат берди (видео)

Талас облусунда "Манас Ордо" улуттук комплексин реконструкциялоо иштерин текшерүү учурунда курулуш министри Нурдан Орунтаев жана Талас облусунун жетекчиси Эрмат Жумаев менен курулушчулардын ортосунда чыр чыкты деген видео интернет желесине тарап жатат.

Курулуш министрлиги аталган окуя боюнча үн катып, туура эмес маалыматтар тарап жатканын белгиледи. Ошондой эле подрядчы компаниянын өкүлү бул маалыматтарды төгүндөдү. Анын айтымында, пикир келишпестик болгону менен терс көрүнүштөр катталган эмес, эки аткаминер тең сөз талашкандарды арачалап жүргөн.

Ал эми Жумаев коомчулукка ар кандай чагымчыл билдирүүлөргө көңүл бөлбөй, так маалыматтарды гана акмалап турууну сунуштайт. Ошондой эле Талас аймагындагы курулуш иштери талапка ылайык, өз деңгээлинде аткарылып жатканын белгиледи.

Таластагы окуя боюнча Курулуш министрлиги маалымат берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан