Биз социалдык тармакта

Токмоктогу мушташка катышкан өспүрүмдөр аныкталды

Токмок шаарындагы борбордук аянтта болгон мушташ боюнча милиция иликтөө жүргүзүп, окуяга катышкан үч өспүрүмдү аныктады.

Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, 22-августта 2007-жылы туулган А.Д. менен анын тааныштары К.К. жана Б.Э.нин ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташ чыккан.

Өспүрүмдөр арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Ошондуктан кылмыштын курамы жок деп табылып, материал коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлдү.

Учурда окуя боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде протокол түзүлүп, мыйзам чегинде чечим кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан