Социалдык тармактарда коомдук жайда эки кыздын бири-бирин сөгүп, мушташканы тартылган видео тараган.
Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы текшерүү жүргүзүп, окуяга катышкан 2004-жылы туулган А.Ш. жана 2007-жылы туулган К.С. аттуу кыздарды аныктап, милиция бөлүмүнө жеткирди.
Аларга "Майда бейбаштык" беренеси боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.