Чүй районунда бир нече жарандар унаалардан белчесинен чыгып, кооптуу абалда автоээнбаштык жасап жаткандыгы тартылган видео социалдык тармактарга тарады. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта ЖКККББнын облустагы башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, жол тескөөчүлөрү унааларды аныктап, ар бир айдоочуга 15 миң сомдон айып пул салышты. Мындан тышкары, унаалар айып короого киргизилди.
Милиция жарандарды жол эрежелерин сактоого жана кооптуу аракеттерге барбоого чакырды.