Бишкекте 20-августта 8 жаштагы баланы автобус сүзүп алган кырсыктын чоо-жайы айтылды.
"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы маалымдагандай, бала топтун артынан жолго чуркап чыгып, автобустун алдыңкы эшигине урунган. Жабырлануучу "Тез жардам" кызматы менен №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Учурда анын абалы жакшы экени айтылды.
Автобустагы жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар болгон эмес. Учурда кырсыктын себептери жана бардык жагдайлары такталууда.