VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-августта "Бишкек Аренада" уюштурулат. Салтанатуу ачылышка катыша турган Кыргызстандын курама командасынын улуттук кийими көрсөтүлдү.
Уюуштуруучулар белгилегендей, кийимде кыргыз элинин улуттук баалуулуктары жана салттуу оймо-чиймелери заманбап үлгү менен айкалыштырылган.
Кыргызстандык спортчулар бул кийимди Көчмөндөр оюндарындагы салтанаттуу иш-чараларда кийип, өлкөбүздүн маданиятын жана улуттук өзгөчөлүгүн таанытышат.