Чолпон-Ата шаарындагы ат майдан капиталдык оңдоодон өтүп, толугу менен жаңыланды.
Курулуш министрлиги билдиргендей, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык иштери жүрүп жатат. Бул жерде сахна орнотулуп, башка уюштуруу иштери аткарылууда.
Белгилей кетсек, ат майдан 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган ири ат спорттук комплекстердин бири.