28-августта Ош шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөн жана жаңы курулган бир катар объекттер пайдаланууга берилет.
Мэрия билдиргендей, алардын арасында Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жаңы сейил бак, Төлөнов жана Курманжан датка көчөлөрү, ошондой эле Алымбек датка эс алуу багындагы заманбап бийлөөчү оргума бар.
Ачылышка карата шаар тургундары үчүн маданий-көңүл ачуучу программа уюштурулуп, кечинде Freeman 996, Бегиш ырдап, шаардык маданият жана жаштар башкармалыгынын концерттик программасы тартууланат.