Белгилүү эстрада ырчысы Мирбек Иманбеков эгиз уулдуу болду. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасында видео менен бөлүшүп сүйүнчүлөдү.
"Эгиз уулдарым динге мээнет кылган, элге кызмат кылган жигиттерден болсун", - деп кубанычы менен тең бөлүштү. Иманбековду санаалаштары жана күйөрмандары наристелердин жарык дүйнөгө келиши менен куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин жазышууда.
Эске салсак, буга чейин ырчы жубайы менен 3 кыз, 1 уулду тарбиялап келишкен.