Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Б.Алыкулов атындагы мектептин айланасын иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектепке кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жай, гараждар жана башка мыйзамсыз жайгашкан объектилер алынып жатат.
Аймак толугу менен тазалангандан кийин мектепке баруучу жол ачылып, окуучулардын эркин жана коопсуз өтүүсүнө шарт түзүлөт.