Биз социалдык тармакта

"Бөрүлөр" Орусияда 2 мүнөт 5 секундда барымтадагыларды бошотушту (видео)

Кыргызстандын "Бөрү" атайын багыттагы отряды Орусиянын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан атайын күчтөрдүн "Вызов" эл аралык мелдешине катышууда. Кечээ, 24-августта алар мелдештин алгачкы күнүндө барымтадан бошотуу көнүгүүсүн 2 мүнөт 5 секундда аткарышты.

Мелдеш 24-30-август күндөрү Екатеринбургдун алдындагы "Свердловский" полигонунда өтүп жатат. Быйылкы жетинчи мелдешке алты өлкөдөн 37 команда катышууда. Алардын арасында Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан, Индия жана Сербия жана башка өлкөлөрдөн барган атайын бөлүктөр бар.

Катышуучулар ар кандай атайын даярдык боюнча күч сынашат. Анын ичинде барымтадагыларды бошотуу, чабуул коюу, буктурма, объектти басып алуу жана тоскоолдуктар тилкесинен өтүү сыяктуу тапшырмалар каралган.

Эскерте кетсек, бүгүн, 25-августта басып алуу тапшырмасын аткарышат.

"Бөрүлөр" Орусияда 2 мүнөт 5 секундда барымтадагыларды бошотушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан