Улуттук банк бүгүн, 25-августта "Тайган жарыш" күмүш коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарды.
Мекеме кабарлагандай, ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналып, баасы 8900 сомду түзөт.
Ар бир коллекциялык тыйын акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган. Тыйынды Улуттук банктын мекемелеринин кассаларынан иш күндөрү саат 9:00дөн 14:00гө чейин сатып алууга болот.