Кечээ, 24-август түнү Ноокат районунун Көк-Жар айылында жолду ээлеп, ызы-чуу жараткан жаштар боюнча милиция текшерүү жүргүзүүдө.
Ош облустук милициясы билдиргендей, окуя саат 01:00 чамасында болгон. Бул факт боюнча окуяга тиешеси бар 7 жаран аныкталып, тергөөгө жеткирилди.
Учурда окуяга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо жана факт боюнча тиешелүү текшерүү иштери улантылууда.