Сулайман-Тоо улуттук-тарыхый археологиялык музей комплекси Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу демилгесине каршы экенин билдирди.
Маалымдалгандай, бул маданий комплекс - 2009-жылы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине "Ыйык тоо" номинациясы менен катталган Кыргызстандагы биринчи объект. Ал "Стратегиялык объекттер жөнүндө" мыйзам боюнча "В" категориясындагы объект болуп саналат жана "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзам менен корголот.
Ага жылына 350 миңден ашуун зыяратчы келип, мамлекеттин жана эл аралык уюмдун катуу көзөмөлүндө турат. Мыйзамда белгиленген нормаларга ылайык, ашыкча курулуштарга, Сулайман-Тоо аймагында асма жол салууга да жол берилбейт. Ошондой эле ушул жылы Сулайман-Тоону масштабдуу реконструкциялоого Дүйнөлүк банк тарабынан 12,5 миллионго доллар каражат бөлүнүүдө.
"Эгер Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун тизмесинде болбосо, эл аралык донорлор мындай ири суммадагы каражатты бөлбөйт жана тоонун аймагы иретсиз коммерциялык курулуштарга айланып, өзүнүн миң жылдык тарыхый баалуулугун жоготот",- деп белгиленген маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Ош шаарынын мэри
Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу маселесин
көтөргөн. Бул демилге коомчулукта нааразы пикир жараткан.