Бүгүн, 25-августта белгилүү кино жана театр актёру Жээнбек Моңошов атасына Roewe eRX5 үлгүсүндөгү унаа белек кылды. Бул тууралуу актёр социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Кудайга шүгүрлөр болсун, ата-энебизге унаа тапшыруу бизге дагы насип этиптир…",- деп жазган ал.
Белгилей кетсек, Жээнбек Моңошов кыргыз киносунун көрүнүктүү актёрлорунун бири. Ал "Полчан", "Мега той" сыяктуу бир катар тасмаларда роль жараткан.