Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу болуп ата мекендик адис Урмат Абдукаимов дайындалды.
Футбол биримдиги билдиргендей, тиешелүү чечим бүгүн, 25-августта Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынды.
Абдукаимов бул кызматка Роберт Просинечкинин ордуна келди. Ага улуттук кураманы алдыдагы эл аралык мелдештерге, анын ичинде 2027-жылкы Азия кубогуна даярдоо милдети жүктөлдү.
Урмат Абдукаимов Азия футбол конфедерациясынын "A" категориясындагы машыктыруучулук лицензиясына ээ. Ал буга чейин Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасын жана Жогорку Лиганын "Талант" клубун жетектеген.