Бүгүн, 25-августта Ош шаарындагы "Мурас" мектепке чейинки билим берүү уюму капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин кайрадан балдар үчүн эшигин ачты.
Мэриядан билдиргендей, оңдоо иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, анын алкагында эшиктер, полдор жана чатыр жаңыланды. Имараттын сырты жылууланып, травертин менен капталды.
Бала бакчага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев барып, бул жер балдар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды сунуштаарын кошумчалады.