Англиялык “Манчестер Юнайтед” футбол клубу “Брайтондун” жарым коргоочусу Карлос Балебаны сатып алды. Бул тууралуу Премьер-лиганын клубу X социалдык тармагында билдирди.
Балеба “Манчестер Юнайтед” менен 2031-жылдын июнь айына чейин келишим түздү.
ЖМКлардын маалыматына караганда, учурда тамандын байламталарынан алган жаракатынан кийин калыбына келип жаткан 22 жаштагы камерундук футболчу «Манчестер Юнайтедге» 70 миллион фунт стерлингге (81 млн евродон ашык) өткөн.
Балеба 2023-жылдын августунда француздардын «Лилль» клубунан 27 миллион еврого «Брайтонго» келген. Өткөн сезондо ал ар кандай мелдештерде 35 оюн өткөрүп, жыйынтык чыгаруучу аракеттери менен айырмаланган эмес.