Бишкекте өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн иппотерапия уюштурулууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, ат мингизүү 15-сентябрга чейин Ататүрк сейил багынын аймагында болот. Сабактар инструкторлордун жетекчилиги алдында жана ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн милдеттүү коштоосунда өткөрүлөт.