Орусияда жашаган кыргызстандыктардын 30 баласын Ысык-Көлгө эс алууга алып келишти. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, аларды Чолпон-Ата шаарына 25-августта эмгек министринин орун басары Камчыбек Досматов узаткан. Балдар "Меридиан" ден соолукту чыңдоо комплексинде эс алышат.
Орусиядан келген мекендештердин балдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да күбө болушмакчы.