Биз социалдык тармакта

АКШнын көк бөрү боюнча курамасы Кыргызстанга келди (видео)

Кечээ, 25-августта Бишкекке VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы келди. Бул тууралуу Эл аралык көк бөрү федерациясы билдирди.

Спортчуларды федерациянын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков жана уюмдун өкүлдөрү тосуп алышты. Капитан Лэдд Хауэлл жетектеген АКШнын курамасында 9 оюнчу бар. Команда Бишкекке келгенден кийин "Бишкек Аренага" барган.

Эске салсак, АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 2014-жылдан бери катышып келет. Быйыл америкалык команданын чыгымдарын Эл аралык көк бөрү федерациясы каржылаган.

АКШнын көк бөрү боюнча курамасы Кыргызстанга келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан