Биз социалдык тармакта

"Үйдө жалгыз" тасмасында Кевиндин ролу менен атактуулукка жеткен Маколей Калкин 46 жашта

Бүгүн, 26-августта "Үйдө жалгыз" тасмасындагы Кевиндин ролу менен атактуулукка жеткен Маколей Карсон Калкин 46 жашка толду. Америкалык актёр 1980-жылы Нью-Йорк шаарында туулган. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын үчүнчүсү.
Ал бала чагынан чыгармачылык дүйнөгө аралашып, 4 жашында эле жарнамалык роликтерге тартыла баштаган. 6 жашынан баштап фильм­дерге чакыруулар түшкөн. 1990-жылы жарык көргөн "Үйдө жалгыз" комедиясы Жаңы жылдык майрамдардын ажырагыс тасмасына айланган. Ал эми Кевиндин образын жараткан Маколей Калкин дүйнө жүзүндөгү көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Актёр Кевиндин ролун биринчи жолу болгону 9 жашында аткарган. Тасма ага "Алтын глобус" сыйлыгына номинация алып келип, дүйнөлүк атак тартуулаган.
1992-жылы тасманын экинчи бөлүгү - "Үйдө жалгыз: Нью-Йоркто жоголгон" жарыкка чыгып, Калкин Кевиндин ролун кайра жараткан. Кийинчерээк актёр тасманын экинчи бөлүгү өзүнө көбүрөөк жакканын билдирип, "Анткени мага көбүрөөк акча төлөшкөн",- деп тамаша иретинде айткан.

Балалыктагы атак жана чоң гонорар

"Үйдө жалгыз" тасмасынын ийгилигинен кийин Маколейге сунуштар биринин артынан бири түшө баштаган. Анын гонорары да кыска убакытта кескин өскөн. Ал биринчи тасма үчүн 100 миң доллар алган болсо, "Менин кызым" тасмасындагы ролу үчүн 1 миллион доллар тапкан. Ал эми "Үйдө жалгыз 2: Нью-Йоркто жоголгон" тасмасы үчүн анын гонорары 4,5 миллион долларга жеткен. 1993-жылы Калкин "Жакшы уул" триллеринде башкы ролду аткарып, бул тасма үчүн 5 миллион доллар алган. Анда ал буга чейинки шайыр жана сүйкүмдүү баланын образынан айырмаланып, терс каармандын ролун аткарган. Кийинчерээк актёр "Атам менен кантип күрөшүү керек?" жана "Бай Ричи" сыяктуу тасмаларда роль жаратып, ар бири үчүн 8 миллион доллардан алган. Бирок бул тасмалар "Үйдө жалгыз" тасмасынын ийгилигин кайталай алган эмес. Айрым тасмалары прокатта ийгиликсиз болуп, Калкин "Алтын малина" антипремиясына да көрсөтүлгөн.

Атасы менен болгон пикир келишпестик

Маколейдин карьерасын анын атасы Кристофер Калкин көзөмөлдөп, уулунун кайсы тасмаларга тартыларын жана канча гонорар аларын чечип турган. Ал тургай Маколейдин бир туугандарын да кино тармагына тартууга аракет кылган. Бирок продюсерлер менен режиссёрлор бара-бара Кристофер Калкиндин талаптарын өтө жогору деп эсептеп, аны менен иштешүүдөн баш тарта башташкан. Ошол эле учурда Маколей өзү да тынымсыз тасма тартуудан чарчаганын айтып, актёрлук карьерасында тыныгуу алгысы келген. Ал 7 жылдын ичинде 14 ири тасмага тартылган. Тартуу иштеринин көптүгүнөн улам бир убакта мектептеги окуусун да токтотууга аргасыз болгон. Маколей ата-энесине тасмага тынымсыз тартылуудан жана окшош ролдорду аткаруудан чарчаганын айткан. Бирок атасы анын карьерасын улантышын кааласа, апасы уулунун чечимин колдогон.

1995-жылы Маколейдин ата-энеси ажырашкан. Балдардын кимде калары боюнча соттук талаш эки жылга созулуп, жыйынтыгында камкордук укугу энесине берилген. Ал эми Маколейдин актёрлуктан тапкан акчасы жеке бухгалтеринин көзөмөлүнө өткөрүлгөн.

Маколей Калкин кийинчерээк тасмаларга мурдагыдай көп тартылбай үн коштоо жана жарнамалык долбоорлорго катышып келген. 10 жылдан кийин 2004-жылы “Кеченин жырткычы” деген фильмге тартылуу менен актёрдук кесибине кайрадан кайрылып келген.

Маколей Калкин тууралуу кызыктуу фактылар:
  • "Үйдө жалгыз" комедиясы 1990-жылы көгүлтүр экранга чыгары менен тасма жаратуучуларга 500 миллион доллар киреше алып келсе, Маколей 100 миң доллар гана гонорар алган.
  • "Үйдө жалгыз-2" тасмасы үчүн 5 миллион доллар, "Бай Риччи" тасмасы үчүн 8 миллион доллар гонорар алган Маколей "Эң көп акча тапкан жаш актёр" деп аталып, "Гиннесстин рекорддор китебине" катталган.
  • АКШнын мурунку президенти Билл Клинтон да өзүнүн инаугурациясында Маколейди сый коноктордун арасына кошкон.
  • Маколей Калкин Майкл Жексондун 2 уулунун өкүл атасы болуп саналат.

2023-жылдын декабрында Маколей Калкин Голливуддагы "Даңк аллеясында" өзүнүн ысымы жазылган жылдызга ээ болгон. Анын жылдызы аллеядагы 2765-жылдыз болуп калды.Салтанатка актёрдун жакындары жана "Үйдө жалгыз" тасмасында Кевиндин апасынын ролун аткарган актриса Кэтрин О’Хара да катышкан.

Жеке жашоосунда Маколей Калкин менен актриса Бренда Сонг менен 2017-жылы тасма тартуу иштеринде таанышып, көп өтпөй кыз-жигит болуп сүйлөшө башташкан. Учурда түгөйлөр 2021-жылы төрөлгөн Дакота жана 2023-жылы төрөлгөн Карсон аттуу эки уулду тарбиялап келишет. 2022-жылы Калкин сүйүктүүсүнө баш кошуу сунушун киргизген. Бирок түгөйлөр азырынча расмий түрдө үйлөнүү үлпөтүн өткөрө элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан