24-августта интернет айдыңында бир топ жаштар коомдук жайда отуруп, күн караманын кабыгын жерге ыргытып, айлана-чөйрөнү булгап жатканы тартылган видео тараган.
Ысык-Көл ОИИБи билдиргендей, аталган видео боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.
Анын натыйжасында жарандардын өздүгү аныкталып, аларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин ("Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, үйүп салуу, өрттөө") негизинде административдик протокол түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Алар кетирген катачылыктарын моюнга алып, коомчулуктан кечирим сурашты.