Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги мелдештери Номад ТВ каналында көрсөтүлүп, аларды белгилүү орусиялык жана кыргызстандык тажрыйбалуу баяндамачылар алып барышат.
Орусиялык комментаторлор Михаил Моссаковский жана Сергей Дерябкин кыргызстандык кесиптештери менен бирге спорт, улуттук салттар жана көчмөндөрдүн өзгөчөлүгү тууралуу кызыктуу баяндама тартуулашат.
Көчмөндөр оюндарынын түз эфирдеги көрсөтүүлөрү 2-сентябрдан 6-сентябрга чейин Номад ТВ каналында болот.