Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоо маданий комплексин ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушу боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу мэр 26-августта соцтармактагы баракчасында билдирген.
Анда Сулайман-Тоодо баш аламан соода кылып, кафе-ресторан курулуштарга каршы экенин жана тегерете веложолдорду куруп, көрктөндүрүү ниети болгонун билдирген. "Дайыма эле чектөө боло бербей, алдыга карап да жылышыбыз керек. Бул жерде бир да курулуш болгон эмес. Ошону заманбап кылып оңдоп коюу ниетин гана айтканмын",- деди шаар мэри.
Дүйнөлүк банк 2020-жылы тепкичтерди, тротуарларды оңдоп, реконструкциялоо үчүн 12 миллион 500 миң доллар караган. Бирок 6 жылдын бери иштер башталган эмес.
"Сулайман-Тоонун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргенин, биздин символубуз экенин жакшы түшүнөм. Бирок тоскоолдуктардын, чектөөлөрдүн, бюрократиялардын ашыкча болгонуна шаар бийлиги катары жол бербешибиз керек",- деп белгиледи Акаев.
Ошондой эле Нариман Түлеев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушун айтпаганын, ал асма жол куруу сунушун гана билдиргенин кошумчалады.
"Бирок Сулайман-Тоо ЮНЕСКОдон чыкпаган учурда да ЮНЕСКОнун талаптарына ылайык көрктөндүргөнү аракет кылабыз",- деди шаар мэри.
Эске салсак, буга чейин Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу маселесин көтөргөн. Бул демилге коомчулукта нааразы пикир жараткан.