Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде коомдук тартипти 15 миңден ашуун милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу борбор калаа милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, милиция кызматкерлери иш-чаралар өтүүчү объекттерде, расмий делегациялар жүрүүчү маршруттарда, жарандар көп топтолгон жерлерде, борбордук көчөлөрдө жана аянттарда, ошондой эле өзгөчө көзөмөлдү талап кылган башка аймактарда кызмат өтөшөт.
Айта кетсек, ШКУ самити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-август күнү Бишкекте башталат.