Президенттин иш башкармылыгы 15-августта "Ырыс ордо" конгресс-борборунун курулушу тууралуу видео жарыялады.
Анда борбор 39 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлери, эл аралык иш-чаралды өткөрүүгө ылайыкташтырылганы баяндалат. Борбордо конференц-зал, банкеттик зал, басма сөз залы жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүүгө арналган башка заманбап залдар бар.
Ошондой эле өлкөнүн жети дубанынын аталышын алган мейманканалар салынган.