Бүгүн, 26-августта "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына "Манас" эл аралык аэропортунун жаңыланган көрүнүшү тартылган видеону жарыялады.
Тасмадан аэропорттун имаратынын фасады, ички бөлүктөрү жана жүргүнчүлөр үчүн жаңыланган аймактар көрүнөт.
Эске салсак, "Манас" аэропортун масштабдуу реконструкциялоо иштери 2025-жылдын 7-мартында башталган.
Реконструкциянын алкагында аэровокзал комплекси кеңейтилип, каттоо жана күтүү зоналары жаңыланууда. Терминалдын аянтын болжол менен 18-20 миң чарчы метрге көбөйтүү каралган. Ошондой эле жаңы жабык унаа токтотуучу жай курулуп, аны терминал менен жабык өтмөк аркылуу туташтыруу пландалууда.
Мындан тышкары, аэропорттун учуп-конуу тилкеси жаңыланып, жарык-сигналдык систем модернизацияланды.
Июль айында аэропорттун реконструкцияланган негизги кире бериши жүргүнчүлөр үчүн кайра ачылган. Ал эми учурда комплекстин айрым бөлүктөрүндө жасалгалоо жана башка иштер уланууда.