Бүгүн, 26-августта, саат 08:00 чамасында Эркиндик бульварында шаардын үч тургуну фонардык мамынын конструкциясынын ичине камалып калган көгүчкөнгө жардам беришти. Бул тууралуу окуяга күбө болгон жаран социалдык тармакка видео жүктөдү.
Алар биргелешип аракет кылып, көгүчкөндү мамынын ичинен чыгарып алышкан. Тургундардын бул аракети социалдык тармак колдонуучуларынын жылуу пикирлерин жаратты.
Жакшылык кылуу үчүн себеп издебей, мүмкүнчүлүктү байкоо жетиштүү.