
Казакстанда саясий модернизациянын маанилүү этабы аяктады: 23-августта өлкөнүн жаңы бир палаталуу парламенти - Казакстан Республикасынын Курултайынын депутаттарын шайлоо өттү.
Курултайдын түзүлүшү мыйзам чыгаруучу органдын аталышын гана өзгөртүү эмес. Бул мыйзамдарды кабыл алуу процессин ыкчам, түшүнүктүү жана жоопкерчиликтүү кылууга багытталган өкүлчүлүктүү бийликтин жаңы модели болуп саналат.
Конституцияга ылайык, Курултай - Казакстандын мыйзам чыгаруу бийлигин жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган. Анын курамына бирдиктүү жалпы улуттук округ боюнча пропорционалдык система менен беш жылга шайланган 145 депутат кирет. Алгачкы шайлоодо добуш берүүгө шайлоочулардын 74,08 пайызы, башкача айтканда, 9,3 миллиондон ашык жаран катышты.
Тарыхый салттан заманбап парламентке
"Курултай" түшүнүгү Борбор Азия элдеринин тарыхында терең орун алган. Байыркы мезгилде мамлекет жана коом үчүн маанилүү маселелер талкууланган жыйын ушундай аталган.
Бирок заманбап Курултай - мурдагы институтту калыбына келтирүү аракети эмес. Ал мыйзамдарды кабыл алган, бюджетти бекиткен, анын аткарылышын көзөмөлдөгөн жана Өкмөттү түзүүгө катышкан толук кандуу мыйзам чыгаруучу орган.
Эки палаталуу парламенттен бир палаталуу системага өтүү мыйзам долбоорлорун кароонун этаптарын азайтып, депутаттардын жоопкерчилигин тактоого тийиш. Коомчулук кайсы партиялар жана саясатчылар конкреттүү чечимдерди колдогонун жакшыраак түшүнө алат.
Ошол эле учурда жаңы системанын натыйжалуулугу мыйзамдардын кабыл алынуу ылдамдыгы же саны менен эмес, алардын сапаты, парламенттик процесстердин ачыктыгы жана депутаттардын аткаруу бийлигин көзөмөлдөө жөндөмү менен аныкталат.
Бул коңшу мамлекеттер үчүн эмне себептен маанилүү?
Казакстан Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен соода, транспорт, энергетика жана гуманитардык мамилелер аркылуу тыгыз байланышкан. Ошондуктан анын мамлекеттик институттарынын туруктуулугу бүтүндөй аймак үчүн маанилүү.
Кыргызстандык саясат таануучу Эрмек Жолочуевдин пикиринде, Курултайга өтүү Казакстандын өкүлчүлүктүү бийликтин кыйла ыкчам жана жоопкерчиликтүү системасын түзүүгө умтулуп жатканын көрсөтөт. Эксперт Борбор Азия үчүн бул модель мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу, саясий өкүлчүлүк жана коомдук көзөмөл ортосундагы тең салмакты камсыздай алабы деген маселе өзгөчө мааниге ээ экенин белгилейт.
Кыргызстан үчүн Казакстандагы реформа бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнүн дагы бир үлгүсү катары кызыгуу жаратат. Кыргызстан саясий атаандаштык жана мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүү боюнча өз тажрыйбасына ээ. Ошондуктан Казакстандын бир палаталуу системасы чечимдерди ыкчам кабыл алууну толук кандуу талкуу жана коомдук көзөмөл менен айкалыштыра алабы деген суроо маанилүү.
Өзбекстан жана Тажикстан үчүн да саясий өкүлчүлүк менен мамлекеттик туруктуулуктун ортосундагы тең салмакты табуу актуалдуу. Аймактагы бардык өлкөлөргө узак мөөнөттүү реформаларды жүргүзүп, экономикалык жана тышкы тобокелдиктерге жооп бере ала турган кесипкөй институттар керек.
Партиялардын ролу жана депутаттардын жоопкерчилиги
Курултайга шайлоо бирдиктүү жалпы улуттук округ боюнча партиялык тизмелер менен өткөрүлөт. Бул шайлоочуларга түшүнүктүү программаларды сунуштап, өз депутаттарынын иши үчүн жооп берүүгө тийиш болгон саясий партиялардын ролун жогорулатат.
Саясий атаандаштык шайлоо өнөктүгү менен гана чектелбеши керек. Жарандар партиялардын экономика, билим берүү, саламаттык сактоо, аймактарды өнүктүрүү жана социалдык саясат боюнча көз караштарындагы айырмачылыктарды көрүшү зарыл.
Курултайдын алдында аймактык мааниге ээ болгон милдеттер да турат. Казакстандын транспорт, энергетика, инвестиция, миграция жана суу ресурстары боюнча чечимдери коңшу мамлекеттерге түздөн-түз таасир этет.
Эрмек Жолочуев белгилегендей, жаңы парламенттин чечимдеринин сапатына Казакстандын ички реформалары гана эмес, аймактык соода, транспорттук долбоорлор, энергетикалык кызматташтык жана Борбор Азиядагы жалпы туруктуулук да көз каранды.
Казакстандын Курултайы аймак үчүн тарыхый мааниге ээ түшүнүктү заманбап парламенттик өкүлчүлүк системи менен айкалыштырат. Бул модель канчалык ийгиликтүү болорун кабыл алынган мыйзамдардын сапаты, саясий талкуунун деңгээли жана депутаттардын коом алдындагы реалдуу жоопкерчилиги көрсөтөт.