Биз социалдык тармакта

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчүлөргө берилчү медалдар (сүрөт)

Дене тарбия жана спорт агенттиги бүгүн, 26-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчүлөргө ыйгарылуучу алтын, күмүш жана коло медалдардын дизайнын жарыялады.
Медалдын дизайн-концепциясы кыргыз элинин салттуу философиясына негизделет. Анда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий эн белгиси жайгаштырылган.
Медаль эки беттен туруп, илгенге жана койгонго ылайыкташып орноткучу менен бир комплектти түзөт.
Айта кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-август күнү Бишкекте болот. Иш-чаранын калган бөлүгү 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан